Орзубек Назаровдун ИИМ менен соту: бүгүн өкүм чыгат

© Sputnik / Нурис АлымбаевСуд по делу милиционера, обвиняемый в совершении ДТП с участием дочери Орзубека Назарова
Суд по делу милиционера, обвиняемый в совершении ДТП с участием дочери Орзубека Назарова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылдын 19-август түнү боксчунун кызы досу менен жол кырсыгына кабылган. Окуяга экөөнү артынан кууган делген жол инспекторлору күнөөлөнүүдө.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаровдун кызы катышкан жол кырсыгына күнөөлөнүп жаткан милиционерлерге сотто акыркы сөз берилди.

Сот отуруму бүгүн, 28-матта, Биринчи Май райондук сотунда өтүп жатат.

Джохар Царнаев приговорен к смертной казни - Sputnik Кыргызстан
Жогорку жана шаардык соттун 7 судьясы рейдерликке тиешеси бар деп айыпталууда
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 19-август түнү досу менен мотоциклде бара жаткан Аделина Назарова Бишкектин чок ортосунда жеңил унаа менен кагышкан. Анын кесепетинен мотоциклди айдап бара жаткан 21 жаштагы жигит каза болгон. Жеңил унаанын ичиндеги үч киши да жаракат алып, кийинчерээк бирөөсү көз жумганы маалым. Ал эми Аделина 10 күндөй комада жаткан.

Текшерүүдөн кийин прокуратура мотоциклдин артынан кызматтык унаасы менен эки милиционер куугунга түшкөнүн аныктап берген. Мындан улам жаштар ылдамдыкты күчөтүп, кырсыкка кабылган.

Назаров Ички иштер министрлиги өз кызматкерлери үчүн жоопкер экенин айтып, айып дал ушул мекемеге тагылышы керектигин белгилеп келет. Спортчу министрликтен 10 миллион сом талап кылууда

Биринчи Май райондук соту кырсык болоордо мотоциклди кубалаган деп айыпталып жаткан эки инспекторго өкүм чыгарар алдында акыркы сөз берди.

"Биз сот объективдүү жана адилет чечим чыгарат деп ишенебиз", — деди соттолуучулардын бири.

Андан соң сот кеңешүү бөлмөсүнө кирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0