УКМК: Кытай жарандарына мыйзамсыз негизде электрондук виза берилген

© Sputnik / Андрей Александров / Медиабанкка өтүүПаспортко мөөр коюп жаткан кызматкер. Арихв
Паспортко мөөр коюп жаткан кызматкер. Арихв - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Факты боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. "Алтын Бугу – Золотой Олень" ЖЧКсынын жасалма документтеринин негизинде Кытайдын жарандары үчүн Кыргызстанга кирүүгө уруксат берүүчү электрондук виза берилгендиги боюнча факты аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, УКМК мыйзамсыз миграциянын алдын алуу максатында ыкчам издөө иш-аракеттерин Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти менен биргеликте жүргүзгөн.

"Жогоруда аталган уюм легалдуу ишмердүүлүктү жүргүзүүчү документтердин бири катары Социалдык фонддун Ош облусунун Өзгөн райондук башкармалыгынан социалдык төлөмдөр төлөнгөндүгү тууралуу жасалма билдирме алып келишкен", — деп айтылат маалыматта.

Факты жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 232-беренеси ("Уюмдардан бюджетке салыкты жана башка милдетүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу") боюнча каттоого алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0