Тоңдо мас киши 16 жаштагы уулуна бычак шилтеп, кесилип кетти

Жазылуу
Чырга атасынын үстүнө арак куюп жиберген баласы себеп болгону айтылды.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Тоң районунун Бөкөнбаев айылында мас болуп келип 16 жаштагы уулун бычак менен сайып жиберген 42 жаштагы С.Т. аттуу жаранга чыккан өкүм күчүндө калды. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында айтылат.

Окуя былтыр 7-ноябрда болгон, анда эркек кишиге карата эски Кылмыш жаза кодексинин 104-беренеси ("Адамдын ден соолугуна атайылап залака тийгизүү") боюнча иш козголгон.

"Ошол күнү үй ээси мас болуп келип, саат 20:00дөрдө үстүнө арак куюп ийген уулуна ачууланып, уруш чыгарган. Кайым айтышуу мушташууга чейин жетип, эркек киши ашкана бычагын алып, уулун сол капталга сайып жиберген. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган", — деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көл облусунун Тоң райондук соту эркек кишини жети жылга шарттуу кесип, үч жыл сыноо мөөнөтүн берген. Тактап айтканда, ал аймактагы ЖАМК органдары тарабынан көзөмөлдөнүп турат, эгер үч жыл ичинде мыйзам бузса, абакка киргизилмек.

Бычак кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Караколдо 300 сом карыз үчүн аялын чаап ийген кишини бөтөлкөлөшү бычактап салды
Соттун чечимине макул болбогон аймактык прокуратура арыз берип, иш кайрадан облустук сот тарабынан каралган. Анда прокурор эркек кишинин ишин Кылмыш жаза кодексинин 28-97 беренесине ("Өлтүрүүгө аракет кылуу") өзгөртүп, күчөтүлгөн тартипте жаза өтөөсүн талап кылган.

Айыпталуучу сотто окуя болгон күнү чындыгында мас болуп келгенин айтып, уулуна кантип бычак сайганы эсинде жок экендигин билдирген. Өз кезегинде анын адвокаты ата-бала жарашып, мурдагыдай эле бир үйдө жашап жатканын, ошондой эле айыпталуучу жумушка орношуп, байма-бай мечитке барып жатканын билдирген. Мындайча айтканда, С.Т. үй-бүлөсүнө коркунуч жаратпай турганын айткан.

Мындан улам Ысык-Көл облустук соту биринчи инстанциядагы чечимин өзгөрүүсүз калтырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0