Бишкекте автоунаа түркүктү сүзүп, бир аял каза болду

CC BY 2.0 / Tony Webster / Cracked WindshieldЖол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча Toyota Prius үлгүсүндөгү автоунаа Абдрахманов көчөсү менен бараткан. Айдоочу рулду башкара албай, машина жолдоп чыгып кеткен.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бишкекте болгон жол кырсыктан 45 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, жол кырсыгы 25-мартта саат эртең мененки 6:30дар чамасында Абдрахманов көчөсүндө, Фрунзе көчөсүнө жетпеген жерде болгон.

"Toyota Prius үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу батышты көздөй баратып рулду башкара албай, машина жолдон чыгып түркүктү сүзгөн. Автоунаанын алдында отурган 45 жаштагы жүргүнчү аял каза болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми айдоочунун колу сынып жана башка жаракат менен ооруканага жеткирилген. Учурда тийиштүү экспертиза дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0