Бизнесмендин 1,5 млн. сомун тартып алган. Шектүү милициянын тузагына түштү

© AFP / FRED DUFOURШектүү. Архив
Шектүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү кармалган күнү эле убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Ишкерди опузалап 1,4 миллион сомун тартып алды деген адамды ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери кармады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, үч жыл мурда болгон окуя тууралуу арыз милицияга 2019-жылдын март айында келип түшкөн.

"2016-жылы өздөрүн криминалдык авторитет катары тааныштырган эки киши ишкерге күч колдонуп коркутуп, 1 400 000 сом суммасындагы акчасын тартып алган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Жайыл РИИБинин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн ("Опузалоо") негизинде сотко чейинки иликтөөлөрүн баштаган. Кийинки иликтөөлөргө ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү да тартылган.

Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ишкерди опузалап 10 миң доллар талап кылган чет элдик киши камакка алынды
"2019-жылдын 23-мартында сотко чейинки иликтөөнүн алкагында Чүй облусунда 1984-жылы туулган А.Д. аттуу жашоочусу шектүү катары кармалды. Ал мурда баңгизатын сатуу фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана уюшкан кылмыштуу топтун биринин мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда туруп, криминалдык чөйрөдө "Смотрящий" макамына ээ", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү кармалган күнү эле убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0