Ошто кеңседен 4,7 млн. сом уурдады деп эки улан кармалды. Бирөө өз кызматкери

Жазылуу
Шектүүлөр уурдаган акчанын жарым-жартылайын коротуп, калганын короосуна көөмп коюшкан.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Ош шаарындагы кеңседен 4 миллион 706 миң сомду уурдоого шектелип эки улан кармалды. Бул туурасында Ош ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 8-мартка караган түнү калаанын Алай көчөсүндө жайгашкан жеке менчик кеңсенин сейфинде сакталган каражат уурдалган.

"Ар тараптуу издөө, иликтөө иштеринин натыйжасында 15-март күнү кылмышка шектүү катары К.М. аттуу 24 жаштагы жана 27 жаштагы А.А. (мурда каракчылык менен соттолгон) аттуу жигиттер кармалды. Алар Ош шаарына чектеш жайгашкан айылдардын бириндеги мечиттен чыгып бара жатканда колго түшүрүлгөн. Шектүүлөрдүн бири ошол компаниянын кызматкери болуп чыкты. Уурулук жасоого негизги маалыматты дагы ушул өз кызматкери берип турган", — деп айтылат маалыматта.

Случаи карманной кражи в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте бир күндүн ичинде маршруткалардан 250 миң сом уурдалат
Биринчи шектүүдөн 1 миллион 460 миң сом, экинчисинен 900 миң сом акча үйлөрүнүн короосуна көөмп койгон жеринен жабырлануучулардын катышуусунда казып алынды. Акчанын калган суммасын шектүүлөр жеке кызыкчылыгына коротуп, көңүл ачууга жумшашкан.

Учурда уурулук фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Ош шаардык соту алардын баш коргоо чарасын тандап, эки айга абакка киргизди.

Жаңылыктар түрмөгү
0