Ала-Букада сот аткаруучулар пара алып жаткан жеринен кармалды

Жазылуу
Кыргызстандан чыгып кетмекчи болгон жергиликтүү тургун 67 миң сомго жеткен алиментин төлөөдөн баш тартып, сот аткаруучуларга кайрылганы айтылат.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 25 миң сом пара алып жаткан жеринен Ала-Бука районунун эки сот аткаруучусун кармады. Бул тууралуу УКМК билдирди.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүйдө айыл өкмөт башчысы 1000 доллар пара алып жатып кармалды
Маалыматка ылайык, Д.С. жана Ч.М. аттуу сот аткаруучулар 20-мартта колго түшүрүлгөн. Алар 67 миң сомго жеткен алиментин төлөөдөн баш тарткан жергиликтүү тургунду Кыргызстандан чыгарып жиберүүгө уруксат бермекчи болгон. Сот аткаруучулар 30 миң сом талап кылышкан.

Материалдар каттоого алынып, Кылмыш жаза кодексинин 326-беренесинин ("Пара талап кылуу") негизинде иш козголгон. Кармалгандар Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0