Өзгөндө 17 жаштагы бала теңтуштарынан ок жеди

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүТапанча кармап турган адам. Архив
Тапанча кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык үч баланын ортосундагы пикир келишпестиктен чыккан.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Өзгөндө Кара-Дыйкан айылынын 17 жаштагы тургуну ок жеп ооруканага түшкөнүн Ош облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 17-март күнү болуп, тартип сакчыларына билдирүү ошол эле күнү түшкөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө кырсык Өзгөндүн Жазы айылында жашаган 15 жана 16 жаштагы балдардын Жээренчи айылын көздөй келе жаткан маалында болгону аныкталды.

Жолдон эки өспүрүм өздөрүнөн улуу баланын жанына келип сүйлөшө кетишет. Пикир келишпестик жаралып, 15 жаштагы бара травматикалык тапанчадан ок чыгарып жиберген.

"Ок жабырлануучунун ээги менен мойнуна тийип, ооруканага жеткирилген. Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 266-беренесинин ("Бейбаштык") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ушу тапта тергөө амалдары уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0