Аксыда ичимдик ичкендердин бири киши колдуу болсо, экинчиси суицид жасады

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи поножовщины в КР
Случаи поножовщины в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүү Бишкектен кармалды.

БИШКЕК, 22-мар — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда ичимдик ичкен үч адамдын бири киши колдуу болсо, экинчиси суицид жасады. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына караганда, окуя 27-февраль күнү Кашка-Суу айылдык округунда болгон.

"Алардын ортосунда чуу чыгып 55 жаштагы киши каза болгон. Бир күн өткөндөн кийин 40 жаштагы киши өзүнө-өзү кол салган. Ал эми эки күндөн кийин кылмышка шектелип ичимдик ичкендердин үчүнчүсү (26 жашта) Бишкектен кармалды", — деп ОИИБден билдиришти.

Аталган факт 130-берененин ("Адам өлтүрүү") негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0