Караколдо 300 сом карыз үчүн аялын чаап ийген кишини бөтөлкөлөшү бычактап салды

© Sputnik / Жоомарт УраимовБычак кармап турган адам. Архив
Бычак кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каргаша болор күнү маркум шектүүнүн үй-бүлөсү менен чогуу арак ичишкен.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Каракол шаарында 16-мартта эркек киши теңтушун бычак менен ичке сайган. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү окуя болгон жерге дароо барып, бычак жеген 43 жаштагы К.Д. аттуу жаранды табышкан. Ал облустук ооруканага жеткирилип, кийинки күнү каза болгон. Аталган факт Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестерге катталып, адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

"Ыкчам топ изи сууй электе кылмышка шектүү катары Г.В. аттуу жаранды кармап, ал күнөөсүн мойнуна алган. Каргаша болор күнү ал аялы жана К.Д. болуп чогуу арак ичишкен. Бир нече убакыттан кийин К.Д. 300 сом карызы үчүн Г.В. аттуу жарандын аялы менен уруша кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Облустук милициядан кабарлашкандай, К.Д. аялды чаап жиберген. Ага болушкан күйөөсү аны бычак менен ичке сайган.

Учурда негизги шектүү Г.В. убактылуу камоо жайына киргизилди. 19-мартта анын баш коргоо чарасы чечилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0