Караколдо аялды ташка алып өлтүрдү делгендер кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовТаш менен аялды чаап жаткан адам. Архив
Таш менен аялды чаап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүлөр менен маркум каргаша болор күнү чогуу арак ичишкен.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Караколдо аялды таш менен чаап өлтүрдү деген шектүү кармалганын облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Ага ылайык, 15-мартта милицияга бети-башы жанчылган аялдын сөөгү табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ чыгып, аталган факт Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрге катталып, адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш козгогон.

Маркум Пристань-Каракол айылында жашаган 31 жаштагы Ф.Т. экени аныкталган. Укук коргоо органдары ошол эле күнү шектүү катары 50 жаштагы Э.А. менен 45 жаштагы А.К. аттуу аялдарды кармаган.

"Алар тергөө учурунда 14-мартта келе жатып, Ф.Т. бир нече эркек менен арак ичип отурганын көрүп, аларга кошулушкан. Арак түгөнгөндө Э.А. дагы бир эркек менен дүкөнгө кеткен", — деди Усубакунов.

Аң казып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атасын балка менен чаап, короодогу аңга көмүп салган. Чүйдөгү чуулуу окуя
Шектелип кармалгандар ал жакта калган аялдардын ортосунда талаш чыгып, ал мушташка чейин жеткенин айтышкан. Бул учурда Э.А. келип калган. Ал А.К. аттуу жаран менен чогуу аялды таш менен башка бир нече жолу чапкан. Аял жерге жыгылып калганда эсин жоготконго чейин бут менен тепкилешкен.

Андан кийин шектүүлөр алып келген арагын ичип, тарап кетишкен. Ф.Т. болсо эсине келбей каза болгон.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Усубакуновдун айтымында, кармалгандардын баш коргоо чарасы 18-мартка чейин чечилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0