Токмоктогу мушташта бычакталган депутат ким экени аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Россияда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эки кыз тууралуу айтты
Депутат Россияда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эки кыз тууралуу айтты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү кеңештин депутатынын сөөгү бүгүн жерге берилет.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Токмок шаарында болгон жаңжалдан бычак жеп каза болгон жаран Чүй айылдык кеңешинин депутаты Тилек Сейитбеков экени белгилүү болду. Маалыматты айылдык кеңештин төрагасы Замир Амангелдиев тастыктады.

Анын айтымында, маркум ушул эле Чүй айылында туулуп-өскөн, өз алдынча ишкерлик менен алектенчү.

"Тилек 2016-жылкы шайлоодо депутат болуп шайланган. Уруш-талаштан, ичкиликтен оолак жүргөн кичи пейил жигит болчу. Кырсык болуп, андан ажырап калдык. Окуя кандай болгонун мен билейт экенмин. Азыр ушул кесиптешибиздин тажыясында жүрөм, бүгүн жерге берилет", — деди Амангелдиев.

Ошондой эле Тилек Сейитказиев үй-бүлө кура электигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, 17-мартка караган түнү Токмок шаарынын "Космос" кинотеатрынын жанында массалык мушташ болгон. Анын кесепетинен 29 жаштагы бир жигит бычак жеп каза болуп, экинчиси жаракаты менен ооруканага жеткирилген. Көп өтпөй анын өлүмүнө шектүү катары ошол эле шаардык 24 жаштагы тургунун кармалганын Чүй облустук милиция билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0