Бишкекте мушташмакчы болгон 18 окуучу кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековАрест подозреваемого в преступлении в КР
Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өспүрүмдөр мектепке алып келинип, ата-энелери чакыртылды. Материалдар тергөөчүлөргө жөнөтүлгөнү маалымдалды.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Бишкекте милиция окуучулар арасындагы массалык мушташтын алдын алды. Бул тууралуу шаардык ИИБ билдирди.

Ак-Босого конушунда жаштардын чогулуп жатканы тууралуу маалымат 16-март күнү болжол менен саат 14.00дө түшкөн. Ал жерге дароо милиция кызматкерлери барып, мектептин 18 окуучусун кармаган.

"Балдар массалык мушташка катышуу үчүн чогулуп жатканы аныкталды. Чырга Ак-Босого конушу менен Маевка айлынын өспүрүмдөрү арасында чыккан пикир келишпестик себеп болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Балдардын баары мектепке алып келинип, ата-энелери чакыртылды. Түшүндүрүү иштери жүргөнү да кабарланды.

Аталган факт бирдиктүү реестрде каттоого алынып, процессуалдык чечим кабыл алынышы үчүн материалдар Биринчи Май РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0