Астанада газ жарылып, уранды алдынан аялдын сөөгү табылды

© Фото / пресс-служба ДЧС КазахстанаАстанада турак үйдө газ баллон жарылып, бир адамдын өмүрүн алды
Астанада турак үйдө газ баллон жарылып, бир адамдын өмүрүн алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарылуудан биринчи кабат менен экинчи кабаттын ортосундагы тосмо урап калган.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Астанада турак үйдө газ баллон жарылып, бир адамдын өмүрүн алды. Куткаруучулар уранды алдынан аялдын сөөгүн чыгарышкан. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги маалымдады.

© Фото / КЧС МВД КазахстанаСотрудники МЧС Казахстана на месте взрыва газового баллона в Астане
Астанада турак үйдө газ баллон жарылып, бир адамдын өмүрүн алды - Sputnik Кыргызстан
1/4
Астанада турак үйдө газ баллон жарылып, бир адамдын өмүрүн алды
© Фото / КЧС МВД КазахстанаСотрудники МЧС Казахстана на месте взрыва газового баллона в Астане
Казакстандын өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалымат кызматы билдиргендей, аялдын сөөгү ишембиге караган түнү 01:18дер чамасында табылган - Sputnik Кыргызстан
2/4
Казакстандын өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалымат кызматы билдиргендей, аялдын сөөгү ишембиге караган түнү 01:18дер чамасында табылган
© Фото / пресс-служба акима АстаныСотрудники МЧС Казахстана на месте взрыва газового баллона в Астане
Буга чейин имараттын ичинде жайгашкан ишкананын эсепчиси уранды алдында калышы мүмкүн деген божомолдор айтылып жаткан - Sputnik Кыргызстан
3/4
Буга чейин имараттын ичинде жайгашкан ишкананын эсепчиси уранды алдында калышы мүмкүн деген божомолдор айтылып жаткан
© Фото / пресс-служба ДЧС КазахстанаСотрудники МЧС Казахстана на месте взрыва газового баллона в Астане
Алдын ала маалыматтар боюнча газ баллон жарылып, жыйынтыгында биринчи кабат менен экинчи кабаттын ортосундагы тосмо түшүп кеткени маалым болду. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Алдын ала маалыматтар боюнча газ баллон жарылып, жыйынтыгында биринчи кабат менен экинчи кабаттын ортосундагы тосмо түшүп кеткени маалым болду.
1/4
Астанада турак үйдө газ баллон жарылып, бир адамдын өмүрүн алды
2/4
Казакстандын өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалымат кызматы билдиргендей, аялдын сөөгү ишембиге караган түнү 01:18дер чамасында табылган
3/4
Буга чейин имараттын ичинде жайгашкан ишкананын эсепчиси уранды алдында калышы мүмкүн деген божомолдор айтылып жаткан
4/4
Алдын ала маалыматтар боюнча газ баллон жарылып, жыйынтыгында биринчи кабат менен экинчи кабаттын ортосундагы тосмо түшүп кеткени маалым болду.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалымат кызматы билдиргендей, аялдын сөөгү ишембиге караган түнү 01:18дер чамасында табылган.

Буга чейин имараттын ичинде жайгашкан ишкананын эсепчиси уранды алдында калышы мүмкүн деген божомолдор айтылып жаткан.

"Жарылуу жума күнү 17:06да Алаш көчөсүндө жайгашкан "МолПродуктсервис" компаниясынын имаратында болгон. Кырсыктан №1 шаардык ооруканага күйүк алып 39 жана 28 жаштагы эки киши жеткирилген. Дагы бир 39 жаштагы аял Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жактырылган", — деп жазылат билдирүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча газ баллон жарылып, жыйынтыгында биринчи кабат менен экинчи кабаттын ортосундагы тосмо түшүп кеткени маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0