Бишкекке жакын жерде чыккан ири өрт толугу менен өчүрүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековТушение крупного пожара на западе Бишкека
Тушение  крупного пожара на западе Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрттүн кесепетинен үч турак үй (болжол менен 420 чарчы метр), оор жүк ташуучу бир автоунаа, бир контейнер күйгөн.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Такталган маалымат боюнча алгач күйүүчү май сатылган контейнерде чыгып кийин жүк ташуучу автоунаага жармашкан өрт кырсыгы Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылынын Фрунзе көчөсүндө болгон. Өрт саат 15:42де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, өрттүн кесепетинен үч турак үй (болжол менен 420 чарчы метр), оор жүк ташуучу бир автоунаа, бир контейнер күйгөн. Кырсыктан жабыркагандар болгондор эмес жана өрттүн себеби такталууда.

Кырсыкка күбө болгон жаран окуянын кандай болгонун айтып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0