Бишкекте Интерпол аркылуу изделген чет элдик экстремист кармалды

Жазылуу
Колго түшүрүлгөн киши тыюу салынган эл аралык террордук уюмдун активдүү катышуучусу экени айтылды.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Бишкекте Интерпол аркылуу изделген чет элдик экстремист кармалганын шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, колго түшүрүлгөн 45 жаштагы киши Тажикстанда төрөлгөнү белгилүү болгон. Ал аталган өлкөнүн Кылмыш кодексине ылайык куралчан аракеттерге жарандарды тартуу, башка мамлекеттердин аймагында согуштук аракеттерге катышуу жана башкаларды тартуу беренелери боюнча айыпталып келет.

Кармалган киши тыюу салынган эл аралык террордук уюмдун активдүү катышуучусу экени айтылды. Ушу тапта ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0