Бишкектеги Чоң Чүй каналынын жээгинен 18 жаштагы кыз табылды

Жазылуу
Кыз буга чейин дайынсыз жоголгон болчу.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бишкектеги Чоң Чүй каналынын жээгиндеги бадалдар арасынан 18 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунан кыз жоголгону боюнча куткаруучуларга кайрылуу түшкөн. Бирок кимдер кайрылганы азыр такталып жатат.

Кыз каналдын жээгиндеги бадалдардын арасынан табылып, Тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда кыздын абалы канааттандырарлык.

Жаңылыктар түрмөгү
0