Маммүлк фондусунун экс-башчысы Болсунбек Казаков үй камагына чыгарылды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПредседатель ФУГИ при Правительстве КР Болсунбек Казаков
Председатель ФУГИ при Правительстве КР Болсунбек Казаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казаков Бакиевдерге таандык делген VIP шаарчасынын 142 миллион сомго сатылып кетишине тийиштиги бар деп былтыр апрелде кармалган.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 12-мартта Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы башчысы Болсунбек Казаковдун ишин карап, анын баш коргоо чарасын үй камагына алмаштырды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Сотто адвокат Максатбек Молдалиев Казаковдун оорусунан улам аны убактылуу кармоо жайында эмес, үй камагына чыгарууну суранган. Сот айыпталуучунун буга чейин соттолбогонун, үй-бүлөсү бар экенин эске алуу менен баш коргоо чарасын жеңилдетип, үй камагына чыгарса болорун белгилеген.

Пресс-конференция Курманбека Бакиева в Минске - Sputnik Кыргызстан
Бакиевдер өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кеткен 4,6 млн. доллар кайтарылат
Казаков былтыр апрель айында камакка алынып, 13-апрелде убактылуу тергөө абагына киргизилген.

Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы башчысына баштапкы баасы 242 миллион сомду түзгөн Бакиевдердин VIP шаарчасынын 142 миллион сомго сатылып кетишине тийиштиги бар деп айыпталууда.

ИИМ аталган факты боюнча эски Кылмыш жаза кодексинин 304 ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 307-беренелеринин ("Менчиктештирүү, салык, бажы жана уруксат лицензиясын берүүдө кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") негизинде кылмыш ишин козгогон.

Казаков аталган фондду 2017-жылдын январь айынан ноябрга чейин жетектеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0