Учак кулап эли каза болгон эфиопиялыктарга Жээнбеков көңүл айтты

© REUTERS / Tiksa NegeriКрушение Boeing авиакомпании Ethiopian Airlines в Эфиопии
Крушение Boeing авиакомпании Ethiopian Airlines в Эфиопии  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент каза болгондордун бир туугандарын жана жакындарын сабырдуулукка чакырып, азасын тең бөлүшөөрүн билдирген.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков авиакырсыктын кесепетинен көп адам курман болгондугуна байланыштуу Эфиопиянын президенти Сахле-Ворк Зевдеге көңүл айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Аддис-Абеба–Найроби каттамындагы авиакырсыктын кесепетинен көп сандагы адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун бир туугандарын, жакындарын сабырдуулукка чакырам жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм", — деп айтылат президент жолдогон телеграммада.

Эске салсак, 10-мартта Эфиопиядагы Дэбрэ-Зэйт шаарынын жанына Boeing жүргүнчү учагы кулап, 157 киши каза тапкан. Маалыматта учакта 33 өлкөнүн жарандары болгону айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0