УКМКда иштейм деп ТЭЦтен темир түтүк алып чыкмакчы болгон жигит кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРПоддельное удостоверение сотрудника АКС ГКНБ
Поддельное удостоверение сотрудника АКС ГКНБ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалган кызматкер 7-мартта атайын издөө иш-чаралары учурунда колго түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Өзүн "УКМК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлүмүн" деп тааныштырып, Бишкек ТЭЦинен темир түтүктөрдү мыйзамсыз алып кетүүгө аракет кылган 24 жаштагы Д. уулу И. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, калп айткан жаран 7-мартта атайын издөө иш-чаралары учурунда колго түшкөн.

Задержание подозреваемого в Дрездене - Sputnik Кыргызстан
УКМК: чек арадан террордук уюмдун мүчөсү кармалды
Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү системасына катталып, Кылмыш кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") боюнча кылмыш иши козголду. Колго түшкөн жаран Чүй облусунун убактылуу тергөө абагына киргизилди.

УКМКдан маалымдашкандай, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлүнүкү делген жасалма документтин сериялык номерлери, аты-жөнү, кызмат мөөнөтү, мөөрү 2019-жылы 20-февралда колго түшкөн 39 жаштагы М. Н. аттуу жарандан алынган документтер менен дал келет.

М.Н. аттуу жаран Транспорт жана жолдор министрлигинин Талас облусу боюнча жол чарба департаментинин аймактык жол-эксплуатациялоо башкармалыгынын финансылык иштерин мыйзамсыз текшерүүгө аракет кылган.

УКМК аталган жарандардан запкы көргөндөр болсо нөөмөт бөлүмүнүн (0312) 66-04-75 номерине же аймактардагы төмөнкү телефондорго кайрылууну суранат.

  • Чүй облусу (0312) 54-07 19:
  • Жалал-Абад облусу (03722) 5-60-49;
  • Ош облусу (03222) 2-30-78;
  • Ысык-Көл облусу (03922) 5-11-80;
  • Талас облусу (03422) 5-20-43;
  • Нарын облусу (03522) 5-08-49;
  • Баткен облусу (03622) 5-00-33.
Жаңылыктар түрмөгү
0