ЖМК: Эфиопияда 157 кишиси бар Boeing жарылды. Эч ким тирүү калган эмес

© REUTERS / STRINGERСпасатели на месте крушения Boeing авиакомпании Ethiopian Airlines недалеко от эфиопского города Дэбрэ-Зэйт. 9 марта 2019 год
Спасатели на месте крушения Boeing авиакомпании Ethiopian Airlines недалеко от эфиопского города Дэбрэ-Зэйт. 9 марта 2019 год - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтарга караганда, бортто 149 жүргүнчү жана экипаждын 10 мүчөсү болгон.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Эфиопиядагы Дэбрэ-Зэйт шаарынын жанында Boeing жүргүнчү учагы кулап, 157 киши каза тапты. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Учак Эфиопиянын борбору Аддис-Абебадан 08:38де Найробини көздөй чыккан. Ал эми бир нече мүнөттөн кийин эле, тагыраагы, 08:44тө байланыш үзүлгөн.

Крушение самолета в Калифорнии - Sputnik Кыргызстан
Учак киши жашаган үйгө кулады. АКШдагы кырсыктын видеосу
Reuters агенттиги учактын ичиндегилер тирүү калбагандыгын жазды.

Маалыматта учакта 33 өлкөнүн жарандары болгону айтылууда. Учурда ар бир мамлекеттегилер учактын ичинде жарандарынын бар-жок экендигин тактап жатат. Россиянын Кениядагы консулдук бөлүмүнүн жетекчиси Олег Кипоренко алардын арасында россиялык жүргүнчү болушу мүмкүн деген маалыматты айткан.

Бортто 149 жүргүнчү жана экипаждын 10 мүчөсү болгон.  Жеринде куткаруучулар иштеп жатканы кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0