Японияда кайык кит менен сүзүшүп, 87 адам жабыркады

© AFP / FERNANDO CASTILLOКит. Архив
Кит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
121 жүргүнчүсү бар катер "Ниигата" портунан чыгып Садо аралын көздөй бара жаткан.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik.  Японияда суу алдында канаттары бар кайык кит менен кагышып, 87 адам жабыркады. Бул тууралуу жергиликтүү Киодо агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Ичине 121 жүргүнчү салган  "Гинга" катери "Ниигата" портунан чыгып Садо аралын көздөй бара жаткан.

"Ошол маалда кайык катуу бир нерсеге урунгандай болуп, абдан силкинген. Жыйынтыгында куйрук жагында 15 сантиметрлик жарака кетип, суу алдындагы канаты сынды. Учурда беш адамдын абалы оор деп эсептелүүдө", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми киттин абалы тууралуу айтылган жок.

Кырсыктаган кайык Ниигата менен Садонун ортосунда эл ташыйт. Ылдамдыгы саатына 80 чакырымга жеткендиктен, аны суу учагы деп атап коюшат.

Жаңылыктар түрмөгү
0