Бишкек: эки баласы менен жолдон өтүп бараткан келинди автоунаа коюп кетти. Видео

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин окурманы бүгүн, 10-мартта, саат 13:00 чамасында Аалы Токомбаев менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде автокырсык болгонун кабарлады.

Анын маалыматына таянсак, аял балдар менен жолду туура эмес жерден кесип өткөн.

"Келин болжол менен 25-27, ал эми кыз менен бала беш-алты жаштарда экен. Аларды Chrysler автоунаасы келип сүздү. Энеси жыгылып, балдар анча жабыркаган жок. Айдоочу эшикке чыга калып, үчөөнү тең автоунаасына салып кетти", — деп айтты ал.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан маалымат текшерилип жаткандыгын айтышты.

Окуя болгон жерге Тез жардам чакырылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0