Ок чыгарып, 315 миң долларын алып кеткен. Унаа милиционерден уурдалган

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүАвтомобильные воры
Автомобильные воры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча кылмышты беткап жана кол кап кийген эки киши жасаган. Алар айдоочуну уруп, аялын башка аткан.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кылмыш жасагандар Subaru Forester менен жүргөн, ал унаа Бишкектеги милиционерден уурдалып кеткен. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине тартип коргоо органдарынан билдиришти.

Буга чейин 6-мартка караган түнү Беш-Күнгөй айылында айдоочуну аткылап, жанындагы 315 миң долларын алып кеткени айтылган.

Тапанчадан атып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чыкыйга тийген ок. Кой-Ташта каза болгон жигиттин өлүмүнүн чоо-жайы
53 жаштагы жаран 57 жаштагы жубайы менен Toyota Harrier унаасында бара жатканда кол салууга кабылып, экөө тең ооруканага түшкөн.

Маалымат булагынын айтымына караганда, ок чыгаргандар түшүп жүргөн унаа Бишкектеги кичирайондордун биринен аймактык милициядан уурдалган. Алдын ала берилген маалыматта кылмышты беткап жана кол кап кийген эки киши жасаган. Алар айдоочуну уруп, аялын башка аткандыгын, жубайы ооруканада оор абалда жаткандыгын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0