РФтин Владимиринде ишкана өрттөнүп, эки кыргызстандык ооруканага жеткирилди

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүПожар в здании культурного центра ГУ МВД России
Пожар в здании культурного центра ГУ МВД России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучулардын абалы оор деп бааланууда.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Россиянын Владимир облусундагы пластик жана айнек идиштерди чыгарган ишкананын кампасы өрттөнүп, эки кыргызстандык жабыркаганын Кыргызстандын РФтеги элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 5-март күнү Гороховец шаарында кечинде болгон. Жалпысынан жети киши жапа чеккен. Кыргызстандыктардын бири 28 жашта экени, оор абалда ооруканага жеткирилгени айтылды. Экинчисинин жашы 33тө, абалы өтө оор деп бааланып жатат.

Элчилик окуяны өз көзөмөлүнө алганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0