Милиция Бишкекте поезддин алдында калган кишинин ким экенин тактап жатат

© Sputnik / Игорь ЗарембоТоржественные мероприятия в честь 55-летия фирменного поезда "Янтарь" в Калининграде
Торжественные мероприятия в честь 55-летия фирменного поезда Янтарь в Калининграде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркум 45-50 жаштарда.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Милицияга 4-мартта таң эрте саат 4:17де "Аламүдүн" станциясынан поезд кишини коюп кеткени боюнча маалымат түшкөн. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда энеси сүрөткө тартып жаткан 3 жашар бала рельсиге кулап кетти
Милиция кызматкерлери рельсиден эки метр ары жерден азиат түспөлүндөгү жашы 45-50лөр чамасындагы эркек кишинин сөөгүн табышкан. Жүк ташуучу поезд коюп кеткен киши Тез жардам кызматы келгенге чейин өлүп калган. Анын сөөгү Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна жеткирилген.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, чачы кара, кыска, кырдач мурун. Үстүнө кара-көк түстөгү кышкы күрмө, көк түстөгү жемпир, кызыл футболка жана кара түстөгү шым кийген. Бутунда кара түстөгү спорт бут кийим, башында кара-көк түстөгү кепка болгон.

Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Ички иштер министрлиги маркумду тааныгандар болсо нөөмөт бөлүмүнө же 0702-102-702, (0312) 35-12-70, (0701) 35-12-70 номерлери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0