Бишкек: филармониянын жанында болгон мушташтын видеосу

Жазылуу
Милиция уруштун себебин иликтеп жатат.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын жанында жапырт мушташ болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине окуяга күбө болгон киши билдирди.

Ага чейин социалдык тармакка окуянын видеосу да жайылып кеткен.

​Мушташ Жаштар аллеясында шейшемби күнү болуп, ал жерге ондогон милиция дароо жетип келген.

Бишкек ШИИББдин маалымат кызматы укук коргоочулар окуянын катышуучуларын таратып, башаламандыктын алдын алганын билдирди. Учурда мушташтын себебин жана катышуучуларын аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0