"Биздикилерди уруптур, чогулалы". Москвадагы чакырык боюнча ИИМдин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүАкция ДПНИ и "Славянского союза" на Суворовской площади
Акция ДПНИ и Славянского союза на Суворовской площади - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мессенджерде тараган билдирүүнү угуп чогулган кыргыздар тууралуу фактылар бар.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Москвадагы кыргыздар арасында мессенджер аркылуу "Маселени чечүү үчүн тезинен чогула калалы" деген билдирүүлөр тарап жатат. Аны угуп чогулган мекендештер бар экенин Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин КМШ мамлекеттериндеги өкүлү Аскат Алиев Facebook баракчасына жазды.

Ал мындай билдирүүлөр WhatsApp аркылуу тарап жатканын билдирди.

"Акыркы күндөрү ар кандай "WhatsApp группалардан "тез чогула калалы, башка улуттун балдары биздикилерди таарынтып коюптур" деген ар кандай билдирүүлөр тарап, ошол замат массалык түрдө чогула калган фактылар болуп жатат. Тилекке каршы, мындай чогулуулардын арты жакшы бүтпөй, трагедия менен аяктап, чогулгандар кылмыш жазасына тартылып калышы мүмкүн. Ошондуктан өзгөчө жаш муундун өкүлдөрүнөн мындай учурда провокацияга алдырбастан мыйзам чегинен чыкпай, полицияга же болбосо Кыргыз Республикасынын ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылууңуздарды суранабыз", — деди Алиев.

Ал ошондой эле саналуу мекендештердин мыйзам бузган терс көрүнүштөрү миңдеген кыргызстандыктарга терс таасир берерин унутпоо зарылдыгын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0