Ошто банкоматты талкалап 1,5 млн. сомду уурдап кетишти

© Sputnik / Александр КряжевТалкаланган банкомат. Архив
Талкаланган банкомат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаардык милициясынын билдиришинче, Ош шаарындагы жана Араван районундагы банкоматтарды бир эле топ чагып, тоноп кетиши ыктымал.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Белгисиз бирөөлөр Ош шаарындагы филармониянын имаратындагы банкоматтардын бирин чагып, ири суммадагы акчаны уурдап кетишкен. Бул тууралуу аймактык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин да Ош облусунун Араван районунда 10-февралга караган түнү белгисиз кишилер банкоматтардын бирин талкалап, 900 миң сом уурдап кетишкен.

"3-мартка караган түнү белгисиз бирөөлөр банкоматты чагып, бир жарым миллион сомду уурдап кетишкен. Араванда талкаланган банкомат менен Ош шаарындагы банкомат бир эле банкка таандык", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрге каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин "Уурулук" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Баштапкы тергөө амалдары жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Шаардык милициянын маалыматы боюнча эки кылмышты тең бир эле топ жасашы ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0