ЖМК: атаандаштарынын колу-бутун лезвие менен тилип салган футболчу. Видео

Жазылуу
Башында каршылаш команда эмне болгонун түшүнгөн эмес, бирок оюнчулар беттештен кийин тилинген колу-бутунун сүрөттөрүн социалдык тармактарга жарыялашкан.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Түркияда футболчу оюн талаасына лезвие ала келип, атаандаштарын денесин билгизбей тилип кетип турган. Бул тууралуу Yeni Şafak Spor басылмасы жазды.

​Окуя "Амедспор" менен "Сакарьяспор" командаларынын беттеши учурунда болгон.

"Амедспор" командасынын оюнчусу Мансур Чалар оюн талаасына билгизбей лезвие да ала келген. Каршылаштары менен жакалашып кеткен учурда аларды бутка, колго, моюнга жана жамбашка билгизбей сайып турган. Оюн учурунда болгон жакалашуулардын биринде ал каршылаш команданын оюнчусунун бетин тилип салган.

Атаандаштар алгач эмне болгонун түшүнгөн эмес. Оюнчулар беттештин соңунда колу-буттарынын тилинген сүрөттөрүн социалдык тармактарга чыгарышкан.

Оюнчу Мансур Чалардын бул кылыгы күйөрмандар менен соцтармак колдонуучуларынын сынына калды.

​Бирок клубдун жетекчилиги алардын оюнчусу мындай жосунга бармак эмес деп ишендирип, бул болгону футболчуну жаманатты кылуу аракети экенин айтышты.

Ал ортодо Диярбакыр шаарынын прокуратурасы аталган факты боюнча тергөө иштерин баштаганы маалымат болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0