Токмокто үй күйүп, 74 жаштагы кемпир каза болду

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүУчения в деловом центре "Невская Ратуша"
Учения в деловом центре Невская Ратуша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трясинин көчөсүдө жайгашкан үйдүн жыгач устундуу чатыры күйгөн.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Токмок шаарында эки кабаттуу турак үйдө өрт чыгып, кесепетинен 74 жаштагы кемпир каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Трясинин көчөсүдө жайгашкан үйдүн жыгач устундуу чатыры күйгөн.

"Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт чатырдын 400 чарчы метр жерин жок кылып, үй ичиндеги кемпир түтүнгө ууланып каза болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Куткаруучулар маркумдун сөөгүн милицияга өткөрүп берди. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0