Издөөдө жүргөн кыргызстандык Россияда кармалды

© Sputnik / Алексей Вовк / Медиабанкка өтүүСуд над журналистом В. Муравицким в Житомире
Суд над журналистом В. Муравицким в Житомире - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган киши мекенинде алдамчылык боюнча изделип жаткан.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Россиянын Ногинск шаарынын полициясы алдамчылык боюнча федералдык издөөдө жүргөн жаранды колго түшүрдү. Бул тууралуу Россия ИИМинин аймактык бөлүмүнүн сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, жол инспекторлору эреже бузган автоунааны токтотушканда, рулда 64 жаштагы кыргызстандык болгон.

"Документтерин текшерүү маалында ал Кыргызстандын Кылмыш жана жаза кодкесинин 166-беренесине ("Алдамчылык") ылайык издөөдө жүргөн жаран экени белгилүү болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Кармалган адам мындан аркы териштирүүлөр үчүн полициянын нөөмөт бөлүмүнө жеткирилди. Ал мекенине экстрадиция кылынгандан кийин 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0