Түндө Таласта жер титиреди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүТаласская область в Кыргызстане
Таласская область в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28-февраль күнү Ош облусунда да жер силкинген.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Түндө Таласта жер титирегенин Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен силкинүү 1-мартка караган түнү саат 2.06да катталган.

Жер титирөө Коргон айылында 2,5 балл, Бир-Булак айлында 2 баллга чейин сезилгени айтылууда. Жер титирөөдөн жабыркагандар болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0