Милиционер кызы менен каза болгон окуя. Жолтандабасты футболчу айдап бараткан

Жазылуу
Оюнчу кыргызстандык клубдарда ойноп келген.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда Toyota Land Cruiser унаасы кырсыктап, анын кесепетинен милиционер кызы менен каза болгон окуяда жолтандабасты Кыргызстандын жаштар арасындагы командасында ойногон футболчу айдап бараткан. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.

Эске салсак, 22-февраль күнү саат 21:30дар чамасында Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаа Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда кырсыктаган.

Нарын облусунда болгон жол кырсыгында үч адам каза болду - Sputnik Кыргызстан
Нарындагы үрөй учурган жол кырсыгында 3 адам каза болду. Сүрөт
Алдын ала маалыматтар боюнча Toyota Land Cruiser унаасынын айдоочусу каршы тилкеге чыга калып, милиционер айдап келе жаткан Audi 100 үлгүсүндөгү авто менен кагышкан.

Окуянын кесепетинен милиционер менен анын төрт жаштагы кызы мүрт кеткен. Ал эми укук коргоочунун жубайы, 10 жаштагы кызы, үч жаштагы уулу жана досу оор абалда ооруканага жаткырылган. Жолтандабастын айдоочусу дагы ооруканада.

Футболчу Кыргызстандын 19 жашка чейинки жаштар арасындагы курама командасында ойногон. Жаракат алгандан кийин атамекендик командага чакырылган эмес. Футболчу учурда 22 жашта.

"Дордой" футбол клубунун маалымат кызматы сөз болуп жаткан айдоочу клубдун тарбиялануучусу болгонун тастыктап, бирок учурда аны менен эч кандай келишим жок экенин билдирди.

Мындан сырткары, футболчу 2018-жылдын аягына чейин "Алга" клубунда, андан мурун Нарындын "Ала-Тоосунда" ойногон.

Жаңылыктар түрмөгү
0