Адвокат: ТЭЦти оңдоодогу 111 млн. долларлык зыян боюнча документ жок

© Sputnik / Эмиль СадыровПодготовка ТЭЦ Бишкека к зиме
Подготовка ТЭЦ Бишкека к зиме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөөнүн жүрүшүндө Сапар Исаков башында турган топ бийлигинен пайдаланып TBEA компаниясы менен мамлекеттин кызыкчылыгына төп келбеген келишим түзгөнү аныкталган. Анын кесепетинен өлкө 111 миллион 252 миң 797 доллар чыгым тартканы кабарланган.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. ТЭЦти оңдоо учурунда 111 миллион долларлык зыян кайдан чыкканын далилдей турчу документтер жок. Бул тууралуу мурдагы премьер Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Суд по делу о коррупции при модернизации ТЭЦ Бишкека в Свердловском райсуде Бишкека - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦ боюнча айыпталгандардын соту өтүүдө. Имарат алдына эл чогулду
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда ТЭЦти оңдоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында айыпталган сегиз кишинин — Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Бримкулов жана Ольга Лаврованын алгачкы сот отуруму өттү. Баштапкы алдын ала угуу болгондуктан процесс жабык эшик артында өтүп, журналисттер менен айыпталуучулардын жакындары киргизилген жок.

Соттолуучулардын бири мурдагы премьер Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев сот отурумунда адвокаттар кээ бир далилдерди далилдердин катарынан алып салуу боюнча өтүнүчүн келтиргенин айтты. Атап айтканда, курулуш боюнча экспертизанын корутундусу. Анткени экспертиза дайындоо учурунда процессуалдык айрым талаптар бузулуп, эске алынган эмес.

"Айыптоо корутундусунда жактоочулардын жана айыптоочулардын өзүн коргоо үчүн келтирген жүйөлөрү көрсөтүлгөн эмес. Айыптоочу тарап ошолорду текшериши керек болчу. Алар айыптоо корутундусунда келтирилген жүйөлөр ырасталды же ырасталган жок деп жазышы керек эле. Корутундуда айыптоочу тарап "соттолуп жаткан тарап менен жактоочулары эч кандай жүйө келтирген жок" деп жазыптыр. Андыктан жактоочулардын бири ишти артка кайтарууну суранды. Бирок өтүнүч, тилекке каршы, канааттандырылган жок",— деди жактоочу.

Жоошев ошондой эле ТЭЦти оңдоо учурунда 111 миллион долларлык зыян кайдан чыкканын далилдей турчу документтер жок экенин белгилеп, аны далилдердин катарынан алып салуу боюнча өтүнүч келтирилгенин билдирди.

"Мыйзам боюнча тергөөчү экспертиза дайындоо тууралуу өзүнүн чечимин жиберерден мурда айыпталуучулар менен жактоочуларды ал документ менен тааныштырышы керек. Айыпталуучулар эксперттик топко ишенбөөчүлүк (отвод) жарыялай алат, суроолорун киргизе алат. Тилекке каршы, айыпталуучулар мындай укугунан пайдалана алган эмес. Анткени токтом менен айыптоо корутундусу даяр болгондон кийин тааныштырышкан", — деди адвокат.

Ошондой эле 111 миллион доллар зыян келтирилди деген айыптоо боюнча тийиштүү документтер жактоочулар менен айыпталуучуларга көрсөтүлбөгөнүн билдирди.

"Бул сумма кайдан чыгып келгени да чоң суроо жаратууда", — деди ал.

Асылбек Жээнбеков ТЭЦтин акчасын уурдагандардын жооп беришин талап кылды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Асылбек Жээнбеков ТЭЦтин акчасын уурдагандардын жооп беришин талап кылды. Видео
Жоошев, андан сырткары, сот отуруму өтүп жаткан имарат тар экенин, кийинки жыйындарды Бишкек шаардык сотундагы чоң залда өткөрүү боюнча сунуш берилгенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин тергөөсү аяктаганын билдирген. Натыйжада Сапар Исаков башында турган бир катар кызмат адамдары бийлигинен пайдаланып TBEA компаниясы менен мамлекеттин кызыкчылыгына төп келбеген келишим түзгөнү аныкталган. Анын кесепетинен өлкө 111 миллион 252 миң 797 доллар чыгым тартканы кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0