Небереси 31 жолу бычак уруп... Бишкектеги чоң эненин кейиштүү тагдыры

Жазылуу
Өспүрүм бала досу менен биригип алып, чоң энесинин үйүн карактап, андан соң өлтүрүп тынган.

БИШКЕК, 26-фев.— Sputnik. Бишкек шаардык соту аялды мыкаачылык менен өлтүргөндөргө чыккан өкүмдү өзгөрттү. Бул туурасында Жогорку соттун сайтына жарыяланган актыда айтылат.

Киши өлтүрүү 2017-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаарындагы 12-кичирайондо болгон. Сот 16 жаштагы Таалай менен 17 жаштагы Шахрух (ысымдары өзгөртүлдү — ред.) сүйлөшүп алып, Таалайдын чоң энесин мыкаачылык менен өлтүрүшкөнүн билдирди. Экөө үйдөн алты миң сомду жана бир нече чөнтөк телефондорду алып кетип, кийинчерээк смартфондорду мейманканага тапшырган.

Кылмышка алардын 17 жаштагы досу Илгиздин (аты өзгөртүлдү — ред.) да катыштыгы бар экени аныкталган.

Документте Таалай ДЦП менен ооруган, асыранды бала экени айтылат. Энеси каза болгондон кийин акчасын арак менен тамекиге корото баштаган. Бала кезинен чоң энеси багып тарбиялап, оорусун дарылатуу үчүн ооруканадан ооруканага ташып жүргөн. Бала сотто бул кадамга акча үчүн гана барбагандыгын айткан.

"Акыркы жумаларда чоң энем менен урушуп кеткенде эле "таштандыны эмнеге багып алдык экен" деп айта берчү болду. Байкем мени урса деле ата-энем аларга жакшы мамиле жасачу", — деп айткан ал.

Өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Секелек кызды зордуктаган кишинин жазасы эмнеге жеңилдетилди? Соттун жообу
Таалай сотто Шахрухтун күнөөсүн жашырганга аракеттенип, чоң энесин жалгыз өлтүрдүм деген. Анткен менен досунун да кылмышка катышы бар экендиги далилденген.

Психологиялык-психиатриялык экспертиза Таалайдын көп калп айтарын жана көрсөтмөлөрүн өзгөртүүгө жөндөмдүү экенин аныктаган. Өспүрүмдүн акыл-эси ордунда дешти. Энесинин өлүмүнөн кийин урушчаак, агрессивдүү болуп кеткенин айтышты.

Октябрь райондук соту Таалайды 10 жылга кесип, өспүрүм жаза мөөнөтүн катаал шарттагы түзөтүү абагында өтөмөй болду. Шахрух менен Илгизге беш жылдан (эки жылы сыноо мөөнөт) берилди.

Эки тарап — прокуратуранын өкүлү менен айыпталуучу тарап кийинки инстанцияга апелляциялык арыз бергени документте айтылган.

Эмне өзгөрдү?

Бишкек шаардык соту Шахрухту 10 жылга (жаза өтөй турган жери айтылган эмес) кескен. Ал эми Илгизди төрт жылга (эки жылы сыноо мөөнөт) эркинен ажыраткан. Ал кылмыш аткаруу инспекциясында каттоого турууга милдеттендирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0