Бишкекте кырсыктаган стилист Мамбеткалиева 9 күн комада жатып каза тапты

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу кырсык болгон күнү көз жумса, Мамбеткалиева оор жаракаты менен ооруканага түшкөн. Тилекке каршы, тогуз күндөн кийин көз жумду.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бишкекте жол кырсыгына кабылган Lexus үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү, стилист Асел Мамбеткалиева тогуз күн комада жатып көз жумду.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков бейтап бүгүн, 26-февралда саат 15.10до каза болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

"Бейтап өтө оор абалда келген. Анын баш сөөгү сынып, мээси жабыркаган, ички органдары үзүлүп кеткен. Жамбаш сөөгү жана кабыргалары сынган абалда келген", — деди Кубатбеков.

Сотрудник милиции Бейшембай Боронбай уулу погиб в ДТП - Sputnik Кыргызстан
Көлдө эки милиционер бүлөсү менен кырсыктап, 4 жашар кызы жана атасы мүрт кетти
Жол кырсыгы 17-февралда эртең мененки саат 8:00дөр чамасында Дэн Сяопин менен Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Lexus үлгүсүндөгү автоунаа түркүктү сүзүп, айдоочусу каза тапкан. Куткаруучулар салонго кыпчылып калган айдоочуну чыгарышкан.

Машинанын ичиндеги жүргүнчү Мамбеткалиева оор жаракат менен ооруканага жеткирилген.

Автоунаанын жол кырсыгына кабылган учуру видеого тартылып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0