Жалындап күйгөн вулканизация. Бишкекте түн ичинде чыккан өрттүн видеосу

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүЛокализован пожар в московском НИИ
Локализован пожар в московском НИИ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. 23-февралга караган түнү Бишкекте вулканизация (желимдөө жайы) күйгөнүн күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналы аркылуу билдирип, окуянын видеосун жиберди.

Анын айтымында, өрт Чүй проспектиси менен Лермонтов көчөсүнүн кесилишине жакын аймакта чыккан. Видеонун автору айтып жатканына караганда, аны кимдир бирөөлөр атайын өрттөп жибериши мүмкүн.

ӨКМдин маалымат кызматы өрт ишембиге караган түнү болгонун тастыктады. Тилсиз жоо аянты 45 чарчы метрге жеткен вулканизацияны жалмап кетти. Жеринде өрт өчүрүүчү бир унаа иштеди. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0