Жогорку жана шаардык соттун 7 судьясы рейдерликке тиешеси бар деп айыпталууда

CC BY 2.0 / Brian Turner / My Trusty GavelДжохар Царнаев приговорен к смертной казни
Джохар Царнаев приговорен к смертной казни - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жети судьянын бири кылмыш иши козголгонго чейин эле кызматтан кеткен.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура тарабынан Жогорку соттун жана Бишкек шаардык сотунун судьяларына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.

"УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы сот органдарындагы коррупциялык кылмыштарга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, чет элдик инвесторлордун жерин жана кыймылсыз мүлкүн рейдерлик жол менен басып алууга тиешеси бар айрым кылмыштуу топтордун кызыкчылыктары үчүн сот адилеттигине жатпаган чечим чыгарганы аныкталган", — деп айтылат билдирүүдө.

Окружной суд в Карлсруэ - Sputnik Кыргызстан
Финпол экс-сотту текшерүүдө. Ишке Максим Бакиевдин жакындарынын тиешеси барбы
Тактап айтканда, айрым кылмыштуу топтордун кызыкчылыгы үчүн соттор атайылап мыйзамсыз чечимдерди чыгаруу жолу менен чет өлкөлүк инвесторлордун мыйзамдуу деп таанылган объектилерин жана мүлкүн ээлеп алууга шарт түзгөн.

Аталган фактыдан улам Бишкек шаардык сотунун үч жана Жогорку соттун азыр иштеп жаткан үч, иштен кеткен бир судьясына Жазыктар кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0