Чүйдө интернаттан качкан 13 жаштагы кыз изделүүдө

Жазылуу
Өспүрүм төрт күндөн бери дайынсыз болууда.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районунда 13 жаштагы Анаркүл Жоошбаева изделип жатканын облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти. 

© Фото / пресс-служба ГУВД регионаЧүй облусунун Аламүдүн районунда 13 жаштагы Анаркүл Жоошбаева изделип жатат
Чүйдө интернаттан качкан 13 жаштагы кыз изделүүдө - Sputnik Кыргызстан
Чүй облусунун Аламүдүн районунда 13 жаштагы Анаркүл Жоошбаева изделип жатат

Ал 18-февраль күнү Таш-Дөбө айлындагы мектеп-интернаттан чыккан бойдон кайтып келген эмес. Милициянын айтымында, ал мурда дагы интернаттан качкан.

Белгилери: бою 150-155 сантиметр, көздөрү кара, чачы тармал, ийнине жетет.

Кийимдери кара түстө, колунда сары рюкзак бар.

Өспүрүмдүн жүргөн жери тууралуу маалыматтар болсо, төмөндөгү номерлерге кабар бериңиздер:

0(312) 36-35-27 (Аламүдүн райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү), 0 (312) 36-35-23, 0(552) 22-06-92, 0 (704) ) 31-25-05, 0(550) 34-33-63 (Криминалдык милициянын издөө бөлүмү) же 102.

Жаңылыктар түрмөгү
0