Бишкекте бир күндүн ичинде маршруткалардан 250 миң сом уурдалат

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи карманной кражи в Бишкеке
Случаи карманной кражи в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоочулар маршрутка айдоочуларына салонго видео каттагыч орнотууну сунуштап жатат.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. 2019-жылдын январь айында Бишкекте маршруткалар менен микроавтобустардан 505 чөнтөк уурулугу катталып, чыгым 7 миллион 320 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу ШИИББ жетекчиси Канат Жумагазиев ташуучу компаниялардын жетекчилери менен жолугушуу учурунда билдирди.

"Негизинен жабырлануучулар пенсионерлер, мектеп окуучулары, студенттер жана ички мигранттар", — деди ал.

Алтын буюмдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абаддагы ЦУМдан алтын уурдалды. Шектүүлөр чек арадан колго түштү
Ал эми Криминалдык милициянын начальниги Улан Айтбаев буга чейин ташуучу компаниялардын жетекчилери менен профилактикалык иш алып барылганын билдирди. Анын айтымында, маршруткалардын салонуна видео каттагыч орнотуу милдети жүктөлгөн.

Укук коргоочулар камералар орнотулса коомдук транспорттогу уурулукту токтотууга мүмкүнчүлүк жараларын билдиришүүдө.

Анткен менен компаниялардын биринин өкүлү айрым маршруткаларга камера менен планшет орнотулса дагы жыйынтык бербей жатканын билдирди. Буга транспорттогу элдин көптүгү себеп экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0