Эки мас урушуп, бирөө уулунун көзүнчө экинчисине 12 ирет бычак урган

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи поножовщины в КР
Случаи поножовщины в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки киши ичип отуруп айтышып, андан соң кармаша кетет. Алардын бири карап отурган уулунун көзүнчө бөтөлкөлөшүнө бычак уруп, өлтүрөт.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кемин аймагындагы Боролдой айылында эки бөтөлкөлөштүн бири экинчисин өлтүрүп салганы Жогорку Соттун сайтында маалымдалган. Sputnik Кыргызстан аталган документти барактап көрдү.

Кандуу окуя 2017-жылдын 24-ноябрында болжол менен түнкү экилер чамасында болгон. Соттук чечимди Кемин райондук фемида өкүлдөрү чыгарган. 33 жаштагы соттолуучу Бишкекте туулуп, Боролдой айылында жашап турган. Жогорку билимдүү экени, бойдоктугу, убактылуу эч жерде иштебегендиги, мурда соттолбогону жана уулун тарбиялап жатканы маалымдалган.

Окуяда баяндалган каармандардын ысымдары өзгөртүлдү.

Соттолуучу эмне деди?

23-ноябрда ага Таалай аттуу досу чалып, арак ичели дегенинен баш тартып койгон. Досу дагы чалып, кызынын туулгандыгын белгилейли деген сунуш киргизгенде макул болгон. Бир жарым сааттан кийин ал дагы бир жолдошу менен келген. Соттолуучу рулда Таалай отурганын, бирок экөө тең мас экенин айтты.

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шеригин бычактап, башын бакчага ыргытып ийген... 90-жылдардагы кылмыштар
Коноктор иче турган арагын өздөрү көтөрө келген. Өзүнүн айтымына караганда, "бир окуядан кийин" оозуна албай калганына үч жыл болду. Алар майрамды улантып, кийинки айылга жөнөшкөн, баса, уулун кошо ала кеткен. Андан соң Таалайдын жолдошун үйүнө калтырып, экинчисин — Нурбекти кошуп алышкан. Үчөө кайрадан аракты шыңгытып, андан соң соттолуучунун үйүнө келишкен. Бул учурда ал ичпегендигин айтты.

Таалай кетем дегени менен Нурбек аны кал деп суранып туруп алып, майрам уланган. Акыры ал автоунаасын айдаган тейде кетип калган. Үйдө Нурбек, Таалай жана анын уулу калган. Ичкилик майрамы уланып, акыры Нурбек кожоюндан арак талап кыла баштап, үй ээси моюн толгогон. Экөө айтышып, андан соң кармаша кетет. Нурбек бычакты ала коюп, балага кезегенде, соттолуучу аны колунан жулуп алып, экөө бычакты талашып, жулкулдашып калган. Үй ээси уулу алар ойноп жатат деген ой менен аларга жакындап келди окшойт деп айтып берген. Нурбек бөбөктү түртүп жибергенде, бала дубалга бир тийип, ыйлай баштаган. Уруш учурунда конок балага өткөн, ал эми соттолуучу эсин жоготуп койгон. Ал эми көзүн ачканда Нурбек коридордо жаткан. Соттук актыда айыпталуучу урушкан кишисинин кандай абалда жатканын көргөнү так жазылган эмес.

Соттолуучу күнөөсүн мойнуна алган жок

Таалай эмне деди?

Ал 23-ноябрь күнү кызынын туулганын белгилөөнү соттолуучуга сунуштаганы менен берки баш тарткан. Ага карабай Таалай дагы бир жолдошун ээрчите келип, аракты үчөө ичкен.

Андан аркы көрсөтмөлөрү дээрлик айыпкердикиндей чыккан. Бир гана жери — Нурбек аны кетпе деп суранганын эстей алган жок.

Соттолуучу мас беле?

Сот отурум учурунда алты күбөнү суракка алганда, баары бир ооздон айыпкердин ал күнү арак ичкенин айтып беришкен.

Өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Секелек кызды зордуктаган кишинин жазасы эмнеге жеңилдетилди? Соттун жообу
Андын сырткары, Кемин райондук ИИБдин кызматкери сурак бергенде, каргашалуу күнү айыпкер өзүнүн кыймыл-аракетине жооп бере турган абалда болгонун айткан. Милициянын ошол жердеги дагы бир кызматкери андан арак жыттанганын так айта албай турганын билдирген.

Материалда анын мас экендигин тастыктаган далилдер жок болгондуктан, айыпкерге соттук-психиатриялык экспертиза дайындаган.

Эксперттердин бүтүмү

Соттук медициналык экспертиза Нурбекке бычак 12 ирет сайылганын билдирип, ал ажалга алып келген, ден соолукка оор зыянын тийгизген деп баалады. Ал кансырап каза болгон.

Соттук-психиатриялык экспертиза айыпкердин кылмыш учурунда мас болгондугун аныктап берген. Анын аффект абалында болбогону да айтылган. Айыпталуучу эмне кылып жатканын акылы менен сезип-билип турган деген аныктама чыгарган.

Соттун чечими

Сот айыпкер арак ичкендигин, уруш учурунда бычакты Нурбектен сууруп алып, 12 ирет сайган деп тапты жана кылмышты атайылап жасаган деди.

Взрывчатые вещества, изъятые сербской полицией - Sputnik Кыргызстан
Насыясын төлөө үчүн ишкер аялдын үйүн жардырып... 90-жылдардагы кылмыштар
Ал эми Нурбекти өлтүрүүнү каалабагандыгын айтканы, окуянын кандай болгону эсимде жок дегени жоопкерчиликтен качкандыгы деп бааланды. Сот айыпкерди эркинен 12 жылга ажыратып, катаал тартипте жаза өтөө жана мүлкүн конфискациялоо өкүмүн чыгарды. Буга кошумча, материалдык жана моралдык чыгым үчүн 281 миң сом өндүрүлмөй болду.

Андан сырткары, Кемин райондук ИИБинин тергөөчүсү менен тергөө кызматынын жетекчиси мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн жазага кириптер болду. Материалда айыпталуучунун арак ичкени боюнча далилдер жетишсиз болгондуктан, соттук иштер татаалданган. Кошумча экспертизаларды дайындоого, жаңы күбөлөрдү чакырууга туура келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0