УКМК: кылмыштуу топтун башчысы деп милиционер кармалды

Жазылуу
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин билдиришинче, кармалган жаран кылмыштуу топту негиздеп, элди коркутуп акча алып жүргөн.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкек шаарында пара талап кылган деген шек менен милиционер кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

АКШ долларлары жана конверт. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: ИИМдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды
Ага ылайык, 12-февралда атайын кызматка жаран кайрылган. Ал белгисиз адамдар өздөрүн Бишкек ШИИБдин кызматкерлери катары тааныштырып, кылмыш ишти жаап беребиз деп 1000 доллар талап кылып жатышканын айткан.

Үч күндөн кийин ИИМдин ички иликтөө кызматы менен УКМКнын өкүлдөрү биргеликте 600 доллар пара алып жаткан жеринен Бишкек ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын маанилүү иштер боюнча ага кызматкери С.К. жана 1988-жылы туулган А.К. менен 1975-жылы туулган И.Н. аттуу жарандарды кармаган.

"Колго түшкөн С.К. аттуу кызматкер кылмыштуу топту түзүп, жарандарга жасалма түрдө баңгизатын таштап, кийин коркутуп акча талап кылып жүргөн", — деп айтылат маалыматта.

Учурда баштапкы тергөө иштери башталды. Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Акча талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жарандар УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0