Уурдалган унааларды өрттөп, сатып жүрүшкөн. Кылмышка шектүүлөр кармалды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүАвтомобильные воры
Автомобильные воры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колго түшкөндөрдүн экөө мурда соттолгон.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Honda Odyssey үлгүсүндөгү үч жана бир жолтандабасты уурдоого шектелип төрт адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Старший инспектор пресс-службы ГУПМ МВД КР Медербек Шабданов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Шабданов: унаа номерин аныкталгыс кылып алган айдоочулар кармалат
Буга чейин Бишкекте Honda Odyssey унаалары уурдалып, кийин алар Чүй облусунун аймагында өрттөлгөнү белгилүү болгон. Мындан улам КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 206-беренеси ("Автоунаа урдоо") менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 23, 19 жана 18 жаштагы үч бала кармалды. Алар колго түшкөн жерде өрттөлгөн унааларга таандык сегиз дөңгөлөк болгон.

Ал эми 17-январь күнү уурдалган Lexus GX470 үлгүсүндөгү унаа Баткен облусунан табылды. Уурулар аны бирөөгө сатып жиберүүгө жетишкен. Ошол эле жактан уурдаган адамдарга кол кабыш кылган деп шектелип 34 жаштагы жаран колго түшүрүлдү.

Иликтөө иштери улантылып, кармалгандардын 18 жаштагысынан башкасы убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0