Халатчан сүрөтүн жиберген. Кызганып, жолдошунун кесиптешин сабаган келин

© AFP / CRISTINA QUICLERСүрөткө түшүп жаткан халатчан аял. Архив
Сүрөткө түшүп жаткан халатчан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
34 жаштагы аял эл аралык аба майданына барып чыр салуусуна — күйөөсү менен белгисиз аялдын телефон аркылуу кат жазышуусу себеп болгон.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Борбор калаадагы Ленин райондук соту күйөөсүнүн ишине барып, кесиптешине кол салган келинди шарттуу түрдө бир жылга кести. Бул туурасында Жогорку соттон кабарлашты.

Окуя 2018-жылдын 13-октябрында эл аралык "Манас" аэропортунун имаратында түнкү саат 22.10дор чамасында болгон. Анда атайын көзөмөл бөлүмүндө иштеген инспектор аял бейтааныш келинден смен учурунда таяк жеген.

Ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Зордукчунун бетин ит жеп кетти. Ысык-Көлдөгү үрөй учурган окуя
Жабырлануучунун ( Э.А.Э.) айтымында, ишинен бир нече мүнөткө сурана калып, дүкөнгө барып келе жатканда жогорку окуя болгон.

Соттук документте күйөөсүнүн кесиптешине кол салган келиндин айткандары келтирилген.

34 жаштагы аял эл аралык аба майданына барып чыр салуусунун себеби — күйөөсү менен белгисиз аялдын телефон аркылуу кат жазышуусу деп айтып берген.

Келин сотто өзүн күнөөлүү деп эсептебей тургандыгын, ал аялдын айынан күйөөсү экөөнүн ортосунда чатак чыга баштаганын кошумчалаган.

"Баары анын күйөөсүнүн телефонундагы каттарды окуп калгандан башталган. Аэропорттогу кесиптеши жарына халатчан түшкөн сүрөттөрүн жиберген. Ал инспектор аялга күйөөсү экөөнүн үч баласы бар экендигин эскертип, экөөнүн мамилесин токтотууну сурангандыгын айтты", — деп жазылган документте.

Аэропорттун ичинен инспектор аялды чачтан алып, бетке бир нече ирет муштаган. Таяк жеген инспектор эсин жоготуп, кулап калган. Окуяны көргөн 4/2 посттогу смендин жетекчиси чуркап келип, экөөнү ажыратууга аракеттенген. Эсин жоготкон жабырлануучуну медициналык бөлүмгө алып келишкен.

Ал жерден инспектор аялдын абалынан улам дарыгер иштен убактылуу бошотуп турган кагаз жазып берген. Кол салган аялдын күйөөсү кесиптеш келинди Бишкек шаарындагы томографиялык борборлордун бирине алып келип, дарыгерге көргөзүп, медициналык кароодон өткөргөн. Андан соң ишти эки тараптуу сүйлөшүү жолу менен бүтүрүү бүтүмүнө келишип, аны ооруканага эмес, үйүнө жеткирген.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Караколдо сүйгөнүн кызганган жигит кыздын батирине өрт койгон
"Кийинчерээк инспекторго кол салган келин анын кесиптешинин аялы экени белгилүү болду. Келин буга чейин аялга телефондон СМС жөнөтүп, бирок аэропорттун кызматкери жооп берген эмес", — деп айтылат соттук документте.

Маалыматта чатакташкан эки аял бири-бири менен көрүшпөсө да, сыртынан тааный тургандыктары айтылган.

Сот кол салган аялды жабырланган инспекторго материалдык чыгым катары тытылган кызматтык кийими үчүн 2520 сом төлөтүүгө милдеттендирген.

Ал эми кол салган аял шарттуу түрдө бир жылга кесилип, сот аны жашаган жеринен эки жакка чыкпоону талап кылды.

Соттун өкүмүнө айыпталуучу тарап макул болбосо, 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна арыздана алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0