Сирияга үй-бүлөсүн алып кетип согушка катышкан кыргызстандык кармалды

Жазылуу
Шектүү Сирия өкмөтүнө каршы жасалган куралдуу кагылышууларга катышкан.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, УКМК менен ИИМдин кызматкерлери 9-февралда террорчулукка каршы атайын иш-чара өткөргөн. Анын натыйжасында кармалган киши 28 жаштагы Р.У. экени белгилүү болду.

"Ал 2014-жылы чет мамлекетте диний окуу жайда окуп жүрүп, азгырыкка туш болгон. Андан соң үй-бүлөсү менен согуш болуп жаткан Сирияга барган. Ал жактан аскердик даярдыктан өтүп, Сирия өкмөтүнө каршы куралдуу кагылышууларга катышкан", — деп жазылат маалыматта.

Колго түшкөн жаранга карата Кылмыш кодексинин 243-беренеси ("Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагында согуштук конфликттерге, аскердик аракеттерге катышуусу же террордук даярдыктардан өтүшү") боюнча иш козголду. Шектүү камакка алынып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0