Бишкекте үй өрттөнүп, үч наристе түтүнгө ууланды

© Sputnik / Табылды КадырбековПожар на Аламединском рынке столицы тушит один пожарный расчет
Пожар на Аламединском рынке столицы тушит один пожарный расчет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бишкектин Келечек жаңы конушундагы турак үйдөн өрт чыгып, үч наристе жабыркаганын ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Аянты 35 чарчы метр болгон үй толугу менен күйүп кеткен. Ал эми төрт, үч жана эки жаштагы үч бөбөк түтүнгө ууланып калгандыктан, ооруканага жеткирилген. Учурда алардын абалы орто деп бааланууда.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0