Чүйдө досунун туулган күнүндө жоголгон жигиттин сөөгү табылды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКар учурунда бараткан адам. Архив
Кар учурунда бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала божомолуна ылайык, жигит тоңуп өлгөн.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда 26 жаштагы кишинин сөөгү табылып, милиция анын өлүмүнүн болжолдуу себебин айтты.

Билдирүүгө ылайык, 9-февралда Жайыл райондук ички иштер башкармалыгына Эриктүү айылына жакын арыктан эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, каза болгон эркектин денесинен күч колдонуп өлтүрүлгөн белги табышкан эмес. Ал Степное айылынын 26 жаштагы тургуну экени аныкталган.

"Каза болгон киши теңтуштары менен Кара-Балта шаарында досунун туулган күнүн өткөрүп, ичимдик ичишкен. Кайра келе жатканда ал ажатканага бараарын айтып унааны токтотуп коюуну суранган. Бирок кайра келген эмес. Көпкө чейин күтүп калган достору сыртка чыгып издеп таппай коюшкан. Эртеси жоголгон жигиттин агасы менен издөө иштерин улантып, анын сөөгүн табышкан", — деп жазылат маалыматта.

Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала божомолуна ылайык, 26 жаштагы жигит тоңуп өлгөн.

Бул иш боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0