Бишкекте футбол дарбазасы басып каза болгон бала: сот бүтүп, тараптар элдешти

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие уголовного дела в КР
Открытие уголовного дела в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылы Бишкекте баланын үстүнө футбол дарбазасы кулап, алган жаракатынан ал ошол жерден каза тапкан.

БИШКЕК, 9-фев — Sputnik. 11 жаштагы Алан Айсаевдин өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши тараптар элдешип алгандыктан токтотулду.

Маршрутка сүзүп эненсинен да, бутунан да айрылган Жумайымдын азыркы жашоосу. Видео - Sputnik Кыргызстан
Маршрутка сүзүп энесинен да, бутунан да айрылган Жумайымдын азыркы жашоосу. Видео
Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга айыпталуучу Акылбек Төрөев билдирди.

Эскерте кетсек, каргаша өткөн жылдын 13-июнь күнү Бишкекте болгон. Баланын үстүнө футбол дарбазасы кулап, алган жаракатынан ал ошол жерден каза тапкан.

Бишкек ШИИБ кылмыш ишин козгоп, тергөөнүн жыйынтыгын Ленин райондук сотуна өткөрүп берген.

Футбол аянтын ижарага алып иштеткен киши Кылмыш жаза кодексинин 258 (Коопсуздук эрежелерине жооп бербеген товар өндүрүү же сатуу, кызмат көрсөтүү) жана 353 (Өзүм билемдик) беренелери боюнча айыпталган.

"Биз сот отурумунда элдештик. Бул боюнча чыккан соттун чечими менде бар. Баланын бетине топ катуу тийип жаракат алган. Ал эми дарбазадан алган жарааты башка", — деди Төрөев.

Ошондой эле ал үч киши Алан Айсаев турган дарбазага топту катуу тепкени аныкталганын кошумчалады.

Аларга кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган.

Аландын апасы Нестан Исабекова менен байланышууга мүмкүн болгон жок, жакындары анын ооруп жатканын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0