УКМК: экс-министр Батыралиев өлкөгө 107 млн. сом зыян келтирген

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистр здравоохранения КР Батыралиев Талантбек
Министр здравоохранения КР Батыралиев Талантбек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-министр Кылмыш-жаза кодексинин 320 жана 322-беренеси боюнча шектелүүдө.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоонун мурдагы министри Талантбек Батыралиевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген шек менен билдирме тапшырылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кагаз ага 2019-жылдын 7-февралында Кылмыш-жаза кодексинин 320 жана 322-беренеси боюнча жасалган кылмыштарга шектелип берилген.

"Батыралиев 2014-2018-жылдар аралыгында 4-стадиядагы бөйрөк илдетинен жапа чеккен бейтаптарга гемодиализ кызматы боюнча сатып алууларда мамлекетке пайдасыз бир нече келишимдерди түзгөн. Анын кесепетинен мамлекетке 107 миллион сомдон ашык зыян келген", — деп айтылат маалыматта.

УКМКдан азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жаткандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0